Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир күйүп, үй ээси түтүнгө ууланды. Үйдүн үстүнкү кабаттарындагы батирлерден 13 адам эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 9-мартта билдиришкендей, өрт Шамшинская көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден чыккан. Анда 56 чарчы метр батирдин ичиндеги үй эмеректери толугу менен күйүп, 1968-жылы туулган Сергей К. аттуу үй ээси түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле коңшусунун батиринин кире бериш эшиги күйгөн. Көп кабаттуу үйдүн жогорку кабаттарынан 11 адам, 2 жаш бала эвакуацияланган. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.