Орусияда бир кыргыз, эки өзбек жараны 52 жаштагы күзөтчүнү сабап, темирлерди уурдап кетишкендиги үчүн камакка алынышты

Орусияда бир кыргыз, эки өзбек жараны 52 жаштагы күзөтчүнү сабап, темирлерди уурдап кетишкендиги үчүн камакка алынышты. Бул тууралуу 9-март күнү Санкт-Петербург шаарынын полиция кызматы орусиялык ММКларга билдиришкен.

Маалым болгондой, 7-март күнү Ленинград облусунун Ромашка айыл аймагында жаңы курулуп жаткан темир жолунун аймагында тоноо болгон. Болжол менен түнкү саат 03:10до бет кап кийген белгисиз адамдар аэрозоль баллонунан газ чыгарып, күзөтчүгө карата күч колдонуп, түстүү темирлерди уурдап кетишкен.

Фактыга шектүү катары 33 жаштагы кыргыз жараны жана 19, 23 жаштагы өзбек жарандары кармалышкан. Уурдалган темирлер кайтарылып берилип, кылмышка шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, камакка алынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabaev
2016-03-09 10:31:08
Ай аттин ай туугандар
0
Rifle_3
2016-03-09 11:50:37
Кыргыздар тынч эле жүргүлөчү. Ансыз да баш кесер баардык мигранттарга сөз тийгизди. Маратка окшогондор эрдик көрсөтүп , кыргыз деп таанытып койду эле.
0
bom.bon
2016-03-09 16:37:13
Мумкун паспорт элекыргыз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан