Ысык-Көлдө иниси агасын темир түтүк менен сабап өлтүрдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 42 жаштагы тургуну мас абалында агасын темир түтүк менен сабап өлтүрдү. Бул тууралуу 9-март күнү Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-март күнү саат 21:40 чамасында Балыкчынын шаардык ооруканасына оор жаракаттарды алган 46 жаштагы Таалай аттуу адамды алып келишкен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам өзүнө келе албай каза болуп калган. Териштирүүдөн кийин кылмышка шектүү катары маркумдун 42 жаштагы Кылыч аттуу иниси кармалып, ал агасын сабап өлтүрүп алганын мойнуна алды. Ал 8-мартта саат 18:00 чамасында ата-энесинин үйүнө барып, агасы экөө урушуп кетип, аны жерге жаткырып темир түтүк менен бир канча жолу уруп койгонун айткан. Милиция кызматкерлери ата-энесинин үйүнүн тегерегин кароодо кандын тактарын көрүшкөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dasta
2016-03-09 11:06:32
Бир боорун олтуруго кантип колу барды екен акмак. Еми омур бойу темир тор артында чирисин.
+3
Akshumkar
2016-03-09 11:09:45
бизде киши олтургон жон эле мал олтургондой эле болуп калды гоо кунуго олум кобоюп жатат
+3
aikokul14
2016-03-09 11:10:56
Кудай озун сактай кор,элибизге ыйман бер!
+3
Adambol
2016-03-09 11:17:09
Атууну киргизиш керек
+2
bolotbai3
2016-03-09 11:28:33
Атангоруу адамдар эмне болуп жатат бирин бири олтуруп мууздап.Ушул арактын артынан баардык кылмыш болуп жатат да,бири тутук менен уруп бири адам мууздап бири туалетке тушуп.Жакшы кабар окубай укбай калдык негедир.
+3
Inna_91
2016-03-09 11:54:01
Бир туугандан чыгыша албай урушуп кетет Конолордон да коруп журовуз
+2
KaiMak
2016-03-09 14:58:56
Эээх биз олумду окуууп конуп деле калдык го... Кичине жагымдуу жанылвктарда жазгылачы. Тамашоу жонундо издеп. Олгондорду издей бербей. Админ
0
admin_portal
2016-03-09 15:36:47
KaiMak, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан