Өзбекстанга өтүп кеткен жылкылар ээсине кайтарылды

Кыргыз мамлекетинин аймагынан Өзбекстанга өтүп кеткен жылкылар ээсине кайтарылды. Бул тууралуу 9-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 7-март күнү Ош облусундагы Беш-Кыштак айылынын тургуну чек арачыларга 10 жылкысы Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин айтып, кайтарып келүүгө жардам берүүсүн суранган. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, жылкылар кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_3
2016-03-09 11:46:51
Малды башкарып болот беле. Бул жакшы нерсе. Ушундай ынтымакта жашап турганыбыз жакшы, дүйнөдө абал курч болуп турганда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан