25-40 жашка чейинки аскер кызматын өтөбөгөн жарандарга 50 миң сом төлөп, бир айлык аскер кызматынан өтүү сунушталууда

25-40 жашка чейинки аскер кызматын өтөбөгөн жарандар үчүн мобилизациялык резервден өтүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта маалымат жыйынында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын башчысы Арстан Керималиев билдирди. Анын айтымында, мындай мыйзам долбоору учурда каралып жатат.

"Учурда 25тен 40 жашка чейинки жарандарыбыз алгачкы аскер кызматына чакырылып, анда 12 күн Аскер комиссариатында жана 10 күн Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп, мамлекеттин казынасына 25 миң сом төлөө менен экинчи категориядагы аскер билетин алышат. Буга байланыштуу акыркы 3 жылда өткөрүлгөн анализдин жыйынтыгы менен болгону 400-450 жаран аталган аскер кызматын өтөгөн. Мындан улам биз алгачкы чакырылыштын ордуна мобилизациялык резервден өтүүнү сунуштап жатабыз. Ага ылайык, 25-40 жаштагы аскер билети жок, альтернативдик кызмат өтөбөгөн жарандар мамлекетке 50 миң сом төлөп, бир айлык аскер кызматынан өтүшсө болот",- деди полковник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Urmat_83
2016-03-09 11:49:02
50000аз эмеспи дагы кичине кошкула.Жыртык тешигинерге жетпей калбасын
+23
Belek2070
2016-03-09 11:53:44
Urmat_83,+ бастым эле
+8
Decmond
2016-03-09 12:09:12
Belek2070,+басканын учун мен дагы
+басып койдум)
+2
cico
2016-03-09 12:02:44
50000 сомго жакшыле каалагандар барат. Кыргыздар шугур кылсанар 27 жаштан кийин аскерге чакырбайт. Мисалы турцияны алайлы 5600€ бир айлык аскерге баруу. аскерге барбай качсан камаласын хот прездентин баласы болсон дагы
-6
Kroxa
2016-03-09 15:00:41
cico,Турцияда айлык акы 10 мин евро болсо толойтда,бизди салыштырып болобу он мин сом айлык жок айылда кайдан алабыз менин беш эркек балам бар жерди иштетсен да бир жылда жок ал акча мал арзан,картошка арзан.....
+1
bolotbai3
2016-03-09 12:04:16
Эмне учун Кыргызстанда жашаган озбек улутундакы жарандар Кыргыз армиясынын катарына барышбайт?Озгон Ошто башка жерлерде журсон озбектер бутуна чалынат,ошолор да барсын.Бир озбектин Кыргыз армиясына барганын коро элекмин.Болбосо ошолордон 100 минден алгыла,ансыз да байып жатышат.
+17
MuslimNur95
2016-03-09 12:08:56
bolotbai3, Туп туура айттыныз Бир озбектин баласы колуна курал алып армияда жургонун корбодук, Акча дан бастырып атышат бай экен аталары.
+14
bom.bon
2016-03-09 16:50:31
MuslimNur95кыргыз кыргызды олгончо тепкилеп жатат?Эгер туугандардан да барышса охоо не болушат Билбейм да.
0
islamchik
2016-03-09 12:31:35
bolotbai3,озун армияга бардын беле??? мен барган убакта барган озбектер деле барып коруп анан сураш керекта военный билет азыр жумушка орношу учун керек болотат а эми озун ойлонуп корч кайсы озбек жогорку жакта кызмат кылып жатат ошого салышытырып коруп ойлонсон болотда )))
-7
bolotbai3
2016-03-09 12:49:08
islamchik,Оа баргам Приморский край Владивосток Тихоокеанский флот 90-92ж.Мен барганда деле озбектер бар эле.Мен азыркы маалды айтып жатам.ЖКда журот го озбек туугандар.
+7
islamchik
2016-03-09 18:19:53
bolotbai3,мен 2012 барып 2013 келдим биз менен барып еле келишти)))
0
uluukyrgyz
2016-03-09 12:26:04
ХХХ ХХХ ХХХ... анан кантип ушулар армияга бармак беле ал Эми 50мин деген азго биз жаштар россиядан акчаны гуроп жатабызго жуз мин десенер!
+2
admin_portal
2016-03-09 12:41:01
uluukyrgyz - 5 күнгө БАН!
Улуттар аралык түшүнбөстүк жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
inspektor.kg84
2016-03-09 12:39:41
50000 сом деп 25-40 жашка чейинкилерге бул жон гана кыйноо алар уй булоосун багышабы же в.билетти кемиришеби бала чакасы менен
+2
bakytbek.kg
2016-03-09 14:34:01
Бизнесмендер учун армия экенда байкуш бейбечаралар барат дагы деле кызматка!!!
0
Kroxa
2016-03-09 15:10:46
А дегенде жумуш таап берип анан сыксанар боло жок акчаны кайдан табалы жеп утаттар алга кеттинерго алгалап,,
0
Seyitira8186
2016-03-09 15:46:40
Эми ошону ойлоп табышыптырда.кризис болуп эл зорго жащап жатышса.40 жащка чейин деп аз айтыпсынар.60 жащка чейинкилер десенер.андан ары жащай алсанар окмот коркпой 2000сом пенсия чыгарып береет деп
+1
samidinova84
2016-03-09 23:57:00
Мен эркек болуп жаралып калганымда мекенди коргоодон качмак эмесмин.Кызмат отоого не жетсин,50000 сом берип калгандан коро.
0
Kroxa
2016-03-10 15:56:58
Мекенди коргогон жакшы бирок беспредел бизде коркосун канча бала молтурогон олуп майып болуп жатышат кыргыз армиясынын айынан балдарымды жибергим келбейт Билбейм,кокустуктан деп жыйынтык чыгарып канча баланы колуна салып берипжатышат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан