Борбор калаада айдоочу жол боюнда турган Жол-патрулдук милициясынын кызматкерин сүзүп кетти

Борбор калаада айдоочу жол боюнда турган Жол-патрулдук милициясынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-мартта саат 11:40 чамасында Элебесов көчөсүндө болгон. Анда Мерседес-Бенц Е550 үлгүсүндөгү унааны башкарган Ч.С. аттуу айдоочу жол боюнда турган Бишкек ШИИББинин Жол-патрулдук милициясынын атайын батальонунун кызматкерин сүзүп алган. Натыйжада кызматкер баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында айдоочу соо экени аныкталган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
mirlan15
2016-03-09 11:40:45
Милициялар алар кудай да, эмнеге аларды сузду экен каап , алар оз ишин так аткарышат эле жаман болуптур!
-4
Rifle_3
2016-03-09 11:44:17
Бекинип туруп, секирип чыккан окшойт да:"500 есть деп!"
+6
Beksultan-007
2016-03-09 11:50:18
Жаныча иштеп баштайбыз деп мактандынар эле мына силерге алгачкы жыйынтык.
+1
Ainurhi
2016-03-09 12:17:12
Койгулачы, кырсык дейт муну.
+3
kuba502
2016-03-09 12:25:26
Жол боюнда турса эле сузуп кетиптирби.Секирип чыкпаш керек да
0
Baian
2016-03-09 12:27:51
Олдууууу шордуу шопур.Балээни сузду...Милицияны эмес милиция машинаны сузду болуш керек...
0
briliant87
2016-03-09 13:11:51
Кокустук болуп кетсе керекда эми.
0
lolo.1
2016-03-09 14:59:29
Айдоочу байке балееге калдыныз эми
0
jibew
2016-03-09 17:34:39
Жанылбасам ЖКК жоюлуп дал ушул ПМ ( патрулдук милиция) болуп озгорду беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан