Борбор калаада баңгизатты мыйзамсыз түрдө жүгүртүүгө шектелип 7 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 6-март күнү баңгизатты мыйзамсыз түрдө жүгүртүүгө шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы Б.У., К.М., К.А. аттуу үч тургуну борбордон кармалган. Тинтүү учурунда кармалган жарандардын жанынан жалпы салмагы 1,441 килограмм гашиш табылган.
Ошондой эле 7-март күнү Жалал-Абад облусунун 4 тургуну кармалган. Алар 24 жаштагы Т.А., мурда соттолгон 49 жаштагы К.Т., 31 жаштагы К.М. жана А.Ж. аттуу жарандар экени аныкталган. Тинтүү учурунда алардын жанынан 136 грамм 70 миллиграмм салмагындагы гашиш табылган.
Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Эксперттердин айтымына караганда, алынган баңгизаттардын баасы болжол менен 550 миң сомду түзмөк.