Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Бишкек ШИИББинин Жол-патрулдук милициясынын атайын батальонунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-март күнү саат 16:00 чамасында Шабдан баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу 23 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүрүүчү башынан оор жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда борбор калаада айдоочуну издөө иштери жүрүүдө.
Окуяны көрүп-билгендер (0312) 53-01-81, 53-22-33 номурларына чалып, кабарлап коюшса болот.