Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 1-класстын окуучусу үйүнө конокко келген 9 жаштагы тууганын мылтык менен атып алды. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, окуя кечээ, 8-мартта орун алган.
Маалыматка ылайык, окуя Сары-Булак айылында болгон. Анда конокко келген 9 жаштагы кызды 1-класстын окуучусу (үй ээсинин уулу) ойноп жатып кокустук менен атып алган. Ок кыздын санына тийген. Жаракат алган кыз тез арада ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык экени маалым болду. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.