Ош шаарында 12 кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруу аракеттери болууда

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө курулуш ишканаларынын бири тарабынан тийиштүү архитектуралык документтери жок 12 кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп баштаган. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылы инспекциянын Ош шаардык кызматкерлери тарабынан акт түзүлүп, керектүү документтери толукталмайынча курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок курулуш ишканасы мыйзамга баш ийбей, курулуш иштерин улантууга аракет жасаган. Берилген эскертүүлөргө баш ийбеген ишкананын ишин инспекция сотко өткөрүп берген. Курулуш иштерин сот карап, териштирүү иштери жүргүзүлгөнү менен, аталган ишкананын жетекчилиги да, тиешелүү өкүлдөрү да келген эмес.

Курулуш иштерин жүргүзүүдө мындай мыйзам бузуу менен иш алып бара жаткан ишканалар Кыргыз Республикасы боюнча ондоп саналат. Андыктан Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция кызматы мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин тынымсыз көзөмөлгө алып, коюлган талаптарга жооп бербесе, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sarbo
2016-03-09 13:47:26
бутойун деп калганда айтпай,эми курулуп баштаганда аракат кылбайбы,оздорун кудай сезген эко техинспекциянын кызматкерлери,бул деген 5-10кундо бутуп калган жокта,ушунча каражат кетирген адам тияк биякка карап,берчусун берип анан салгандыр
+6
Kairatbek-2011
2016-03-09 14:38:56
техникалык инспекциянын басма сөз кызматына атаганын таштабай койгонго ай кыргыз элим токтоткулачы ушундайынарды
+5
toni.94
2016-03-09 18:49:51
Биздин угушубузча.бул уйдун баардык докуметтери бар.Болгону пара ала албай калган органдар асылып атат окшойт.ушундай кооз уйлор тушсо.шаарга корк кошуп турат.ансыз деле Шаарларыбыз кыштакга айланып баратат.Биздин бийликтегилер билбейм Мамлекеттин онуп осушун каалайбы же тескерисинче ушитип мээнеткеч адамдарга бут тособу...Мен кочодон отуп жатып коруп сыймыктанам!Ош шаарына да кооз уйлор салынып атат деп...бул уйго кызыккан бир чиновник барго дейм.
+2
bolotbai3
2016-03-09 20:29:02
Бул уйдон Экотех инспекциянын тууганына квартира берилбей калган,ошого ичи ачышып корсотом мен сага деп очошкону.Болбосо башта курулуп жатканда козун жумуп отуп жаттыбы ошол жерден экотех.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан