2016-жылдын 9-мартына карата 116 311 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 35 431 юридикалык жактар, 45 343 жеке ишкерлер, 30 87 жеке жактар жана 5450 мамлекеттик кызматкерлер. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"1-апрелге чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек",- деп эскертет.
1-апрелге чейин бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар берүүгө милдеттүү.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынат.