8-март күнү Бишкек шаарында жол кырсыгы боюнча 4 факт катталып, анын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Алардын ичинен 6 адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу 9-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсыктан 4 адам жабыр тартып, 2 адам ооруканага жеткирилген. Ошондой эле Чолпон-Ата жана Ворошилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен 76 жаштагы карыяны сүзүп, ал оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.
Дордой жаңы конушунун Элебесов көчөсүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен 30 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Жаракат алган адам ооруканага жеткирилген.