Өлкөдө аскер кызматкерлери үчүн быйыл 743 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп, пайдаланууга берилет. Муну бүгүн, 9-мартта журналисттерге Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адылбек Курбанов билдирди. Анын айтымында, алардын 223 батири Ошто, 100ү Баткенде жана 420сы Бишкекте салынат.
“Мындан тышкары Мамлекеттик комитеттин быйылкы жылга карата дагы башка аткарыла турчу жумуштары бар. Алардын ичинде аскерге чакырылчуларды жана материалдык техникалык каражаттарды электрондук түрдө каттоо системин киргизүү, Коргоо күчтөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, аскер объектилерин оңдоп-түзөө жана башкалар бар”,- деди орун басар.