10-мартта Бишкек шаарынын айрым райондорунда муздак суу берүү токтотулат

"Бишкек суу-канал" башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.

"Северная" суу топтомунун оңдоо иштерине байланыштуу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймак, Ала-Арча районуна, ошондой эле Кызыл куруучу шаарчасына, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик, Салам-Алик конуштарына, "Химиялык завод" ишканасына, Чүй автобекет жана автостанциялар бирикмесине, Ички аскерлер башкармалыгына, Биотехнология институтуна, "Электросила" кооперативине, "Хисар" ЖЧКсына, "Бишкек турбазасы" туристтик комплексине, Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасына, Биринчи Май аскер комиссариатына, "Бишкек теплокоммунэнерго" ишканасына, Жаш Гвардия бульварына, Урицкий көчөсүнө, №18, 35, 33-мектептерине, №12-бала бакчага, Баялинов көчөсүнө, "Бишкек суу-канал" атайын автобазасына суу берилбейт.

"Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан алдын ала кечирим сурап, таза суу камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан