24-мартта Түркиянын Анталия шаарында өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Ксения Палкина жеңүүчү болду. Тактап айтканда, ал грузиялык Оксана Калашникова аттуу спортчу менен бирге теннистин жуптар арасындагы таймашында 1-орунду багынтты. АКШнын командасын жеңген спортчулардын эсеп көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй: 6:1, 6:3. Эл аралык мелдеш 18-мартта башталып, ага 24 өлкөнүн намысын талашкан 70тей спортчу айым катышты. Айта кетсек, Түркиядагы теннис боюнча мелдешти Эл аралык теннис федерациясы уюштурду. Мелдештин жеңүүчүлөрү Рио-де-Жанейродо өтүүчү олимпиадалык мелдешке жолдомо алган жок. Ал эми жеңүүчүлөргө 10 миң доллар акчалай сыйлык каралган.