8-марттан 9-мартка караган түнү Бишкек шаарында эки аял уксус эссенциясын ичип, өз жандарын кыюуга аракет жасашкан. Бул тууралуу 9-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-март күнү саат 20:45те 35 жаштагы аял жана 9-март күнү түнкү саат 02:35те 23 жаштагы аялдын уксус ичип ууланып калганы тууралуу маалыматтар "Тез жардам" кызматына түшкөн. Аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Эки аял тең өз жанын кыюуга аракет кылганы белгилүү болгон.