"Ош облусунун Өзгөн районунда кызды мууздаган жигит анын жездеси экени белгилүү болду. Аны өлтүрүүгө ушак тараткандыгы гана эмес, башка себептер да болушу мүмкүн". Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Сурак учурунда кылмышка шектүү аялынын бөлөсүн ушак тараткандыгы үчүн өлтүргөнүн билдирген. Эгерде өч алуу үчүн өлтүргөн болсо, "Эмне себептен ал жалгыз эмес, башка бирөөнү да ээрчитип барган?" деген суроо жаралууда. Ошондон улам "кызды өлтүрүүгө башка себептер да болушу мүмкүн" деген версиялар бар. Кылмышка шектүү катары кармалгандарга "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда",- деди Ашырбаев.
Маалыматка ылайык, каза тапкан кыз менен кылмышка шектүүнүн жубайы эже-сиңдинин кыздары. Алар бир мектепте чогуу окуп, тууганчылык гана жайы болбостон, экөө курбу да болуп жүрүшкөн.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун "жигит сөйкө салып койгон кызы башка менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калып, кызды үйүнөн мууздап кетти" деген маалыматты билдирген эле. Аталган аймакта окуянын башка версиялары да айтылууда. Ал эми расмий органдын маалыматы жогорудагыдай.