Кытайда экономика жаатында чоң маселе пайда болду. Өлкөдө февраль айында экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга төмөндөдү. Мындай көрүнүш акыркы 6 жылда катталган эмес.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, аналитиктер муну Кытайдын Жаңы жыл майрамын белгилөө менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтышат. Анткени бул учурда өлкөдө өндүрүш бир топ жайлай түшөт. Буга чейин өлкө бийлиги экономиканын өсүшү 2016-жылга карата 6,5 - 7 пайызга чейин жетет деп маалымдап келген.
Учурда мамлекет экономиканы тейлөө жана өндүрүштүк керектөө аркылуу көтөрүү аракетин көрүп жатат. Албетте, бул тармакта ийгиликтер жарала баштаган соң экспорт жана инвестиция тармагы экинчи планда болот.