Орусиянын Южно-Сахалинск шаарында дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу 9-март күнү Сахалин облустук тергөө комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, 8-март күнү кечинде аталган облустун Южно-Сахалинск шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 7-март күнү 16 жаштагы Абдурахим кызы Маликахон аттуу тууганы үйүнөн дүкөнгө чыгып, кайра кайрылып келбегенин айткан.
Жоголгон кыз 1999-жылы 10-ноябрда Ош облусунда туулган. Ал агасы менен Южно-Сахалинск шаарында жашап жаткан. Үйдөн чыгып жатканда Маликахон териден жасалган кара түстөгү жеңи жок чыптама, кара түстөгү шым, кара көлөч кийип, башына кызыл жоолук салынып жүргөн.
Көргөн-билгендер аталган шаардын тергөө бөлүмүнө же нөөмөт бөлүмүнө кайрылышса болот. Байланыш телефондору: 89244055705, 27-69-00.