Чүй облусунда "мас абалында инисин бычактаган" деген шек менен 40 жаштагы аял кармалды

Чүй облусуна караштуу Беловодск айылында мас абалында инисин бычактаган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-мартта болгон. Анда майрамдап, спирттик ичимдиктерди ичип отурган эжеси менен инисинин ортосунда уруш чыгып, 40 жаштагы аял 38 жаштагы инисинин кабырга тарабына бычак сайып салган. Бычактан жаракат алган жаран аймактык ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү катары эжеси кармалган. Учурда бул факт боюнча "саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
lolo.1
2016-03-09 15:42:58
Бугун жалан союп салды бычактап салды деген жанылыктарго
+2
makemake1979
2016-03-09 15:45:29
Эх 8- март бирин уу ичирип бирин бычактатып дагы канчасын кыздыгын алдырып дегеле не кылдын дагы 8- март адамча майрамдаса болот элего эх клара цеткин кайдагыны чыгарыпсын да
+5
KaiMak
2016-03-09 16:09:46
makemake1979,кошулам
0
KaiMak
2016-03-09 16:13:00
Энелерди 8марттале эле эмес илибой куну кутуктасак болот.Мисалы мен майрам деп эсептебейм... Мусулмандарлын майрамы эмес бул.
0
konsilium
2016-03-09 16:42:32
Атын очкон арактын кесепети.Илгери аял киши бычак саймак тугул,арак ичип кочодо жатат дегенди укчу эмес элек.Эмне болуп баратабыз.
+1
briliant87
2016-03-09 17:15:06
Жинди болуп калышканбы эртеменен иниси агасын олтуруп койду деген кабарды окудум эле эми эжеси инисин бычактап койду дагын 17 жаштагы кызды муздады...аварияларды айтпай эле койоюн эми.
+1
ss90
2016-03-09 22:37:48
8- март Алланын окуму сынган кун!!!
-1
Miraida2012
2016-03-10 07:51:38
Арак жакшылыкка алып барбайт, тамагы жамандар ичпегилечи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан