Чүй облусуна караштуу Чалдыбар айылында спирттик ичимдиктерди ичип отурган аял күйөөсүн бычактап салды. Бул тууралуу 9-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 7-март күнү Чалдыбар айылындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 45 жаштагы К.И. жана 30 жаштагы жубайы К.Е. спирт ичимдигин ичип отурганда уруш чыгып, аялы күйөөсүн бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген.
Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына ылайык, кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралмакчы.