Бишкек шаарында "соода күркөсүнүн чатырын бузуп, 40 миң сомдук товарды уурдаган" деген шек менен 26 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы А.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Кулатов көчөсүндө жайгашкан соода күркөсүнүн чатырын бузуп, анын ичинен жалпы суммасы 40 миң сомду түзгөн товарын алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ош облусунун 26 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.