Чүйдө уурулук фактысына шектелип Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды

Чүй облусунда уурулук фактысына шектелип Ысык-Көл облусунун 35 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ленин айылынын 66 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал 8-март күнү белгисиз адамдар үйүнө кирип баалуу ашкана буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Учурда келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 35 жаштагы Ч.В. аттуу тургуну кармалган. Бул факт боюнча “уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан