Борбордо "тапанча менен коркутуп, 58 миң сомун алып кеткен" деген шек менен 18 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы Т.Р. аттуу жаран кайрылган. Ал 6-март күнү саат 22:40 чамасында белгисиз адам тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана жанындагы 58 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.