Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну 1 жаштагы уулуна витаминдин ордуна марганцовка берип алып, баласы ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-март күнү Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө марганцовкага ууланып 1 жаштагы наристе түшкөн. Баланын апасы муну “витамин берем деп адашып марганцовка берип алыптырмын” деп түшүндүргөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.