Америкалык басылма Эван Антинди "Жаныбарларды дарылоочу эӊ сексуалдуу ветеринар" деп тапты

Америкалык ветеринар Эван Антин да интернет жылдыздарынын катарын толуктайт. Ал Калифорния штатынын Таузенд-Оукс шаарындагы ветеринардык клиникада эмгектенет. Эван Антин ооруканадагы жаныбарлар менен түшкөн сүрөттөрү аркылуу интернетте популярдуу. Бул тууралуу "Udivitelno.Com" сайты жазып чыкты.

Ит, мышык, таш бака, маймыл, тоту куш жана башка жаныбарлар дүйнөсүндөгү ар бир жандык менен оӊой тил табышып, жагымдуу байланыш түзө аларын эске алган "People" басылмасы 2015-жылы Эван Антинге "Жаныбарларды дарылоочу эӊ сексуалдуу ветеринар" наамын ыйгарган. "Бардык жаныбарларды бирдей жакшы көрөм" деген Эван жылан менен крокодилдерге өзгөчө жакын экенин жашырбайт. Дүйнө жүзүн кыдырып саякаттаган ветеринар жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого үндөп келет. Ошондой эле модель болуп да эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maku88
2016-03-09 19:26:42
Жумушун суйгон Адам экен да
+3
Siren90
2016-03-09 20:21:41
Сонун экен го, модель болуп да иштесе чын эле мыкты экен, баса чөнтөгүндөгү күчүк жакты.
+1
Beksultan-007
2016-03-09 21:25:18
Ушундай ХХХ ХХХ ХХХ...
-5
uluk92kg
2016-03-10 05:02:09
Beksultan-007,
сага жакпаса башкага жагат
0
admin_portal
2016-03-10 10:49:42
Beksultan-007 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aizada15
2016-03-09 21:29:32
жаныбарларга жакын экен да
0
udacha.kg
2016-03-10 09:19:11
Ооо Красавчик экен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан