Түркиянын туристтик аймактарынын биринен сойкулук менен алектенген 3 кыргыз кыз кармалды. Жакынкы убакыт аралыгында алар кыргыз жерине депортацияланат. Бул тууралуу жергиликтүү "Хаберлер" маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган аймактан сойкулук менен алектенген 21 жаштагы Б.К., 26 жаштагы З.С. жана 30 жаштагы М.К. аттуу кыргыз кыздары кармалган. Алар сойкуларды иштеткен (сутенёр) 3 кыргыз айым аларды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап жатканын билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында сутенёрлук фактысына шектелип 33 жаштагы Г.К., 29 жаштагы Е.К. жана 30 жаштагы С.К. аттуу айымдар кармалышкан. Сот отурумунан кийин "сойкуларды иштеткен" деп шектелип кармалгандар бошотулган. Ал эми сойкулук менен алектенген 3 кыз жакынкы убакыт аралыгында өз мекенине жиберилмекчи.