Бишкек - "Манас" аэропорту трассасынын оңдолуп жаткан бөлүгүндө кемчиликтер болууда. Муну окурман бүгүн, 9-мартта SUPER.KGпорталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жол жээгине коюлуп жаткан тосмолордун айрым жерлеринен суу агып чыга албайт. Трассада дайыма суу жата берсе, жолдун жарактуу мөөнөтү азаят, автокырсыктарга да себепкер болушу мүмкүн. Мен бул жаатта адис эмесмин, бирок турмуштук тажрыйбамдан улам билем",- дейт окурман.
Кабардын автору мындай кемчилик текшерилиши керек деген талап коюуда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.