Жылнаама, 10-март: Мындан 2 жыл мурун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов "чиновниктер президент менен макулдашпай сырткы иш сапарларга чыга алышпайт" деген токтом чыгарган

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы Нарында 5 миңге жакын эл жылуулук жана электр кубатынын тарифтеринин кымбатташына каршы митингге чыккан. Митингге Бишкектен Р.Отунбаева, Т.Тургуналиев, А.Шыкмаматов, Т.Сариев жана акыйкатчы Турсунбек Акун барган. Митингдин аягында чогулган эл президент Курманбек Бакиевге 10 талаптан турган кайрылуу жолдогон. Кайрылууда "электр жана жылуулукка болгон тарифтер мурунку абалына келтирилсин, тоо-кендери сатылбасын, Исмаил Исаков боштондукка чыгарылсын, “Түндүк электр” жана “Кыргыз телеком” кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылсын, Нарын элине берилген 110 кВттык жеңилдиктер калтырылсын, Балыкчы жана Петровка окуясы боюнча камактагылар бошотулсун" деген сыяктуу талаптарды коюшкан. Алар талаптар 16-мартка чейин орундатылбаса, 17-марттан тарта “Президент жана өкмөт бийликтен кетсин!” деген талап менен Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышарын билдиришкен.

* Мындан 80 жыл мурун, 1936-жылы германиялык футбол сүйүүчү, спорт журналисти, ФИФАнын сегизинчи президенти Йозеф Блаттер Швейцариянын Фисп шаарында туулган. Ал 1956-жылы Лозанна университетиндеги юридикалык факультетти аяктап, Швейцариядагы Спорт журналисттеринин ассоциациясынын мүчөсү болгон. 1964-жылы Йозеф Блаттер Швейцариядагы Хоккейчилер ассоциациясынын башкы катчысы болсо, 1972-жылы Мюнхенде өтүүчү Олимпиада оюндарына даярданууга жооптуу адамдардын бири болгон. Ал эми 1975-жылы ФИФАнын техникалык директору болуп, 1981-жылы анын башкы катчысы болуп дайындалган. 1998-жылы болсо Йозеф Блаттер ФИФАнын президенттигине ат салышып, жеңип чыккан. 2015-жылы 29-майда Йозеф Блаттер Эл аралык футбол федерациясынын президенти болуп 5-мөөнөткө шайланып, ал эми 2-июнда кызматтан кете турганын жар салган.

* Мындан 76 жыл мурун, 1940-жылы америкалык актёр, күрөш чебери Чак Норрис АКШнын Оклахома штатындагы Райан аттуу жерде төрөлгөн. Ал "Крутой Уокер" сериалындагы ролу аркылуу таанылып, "Неудержимые 2", "Обитель дьявола", "Человек президента", "Китайский городовой", "Идущий в огне", "Одинокий волк Маккуэйд" ж.б. тасмаларда кайталангыс ролдорду жараткан.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов "чиновниктер президент менен макулдашпай сырткы иш сапарларга чыга алышпайт" деген токтом чыгарган. Ар бир иш сапары үчүн өлкө башчы менен макулдашууга милдеттүү мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси түзүлгөн. Ислам Каримов кол койгон токтомдогу тизмеде өлкөнүн премьер-министри, анын орун басарлары, парламент төрагалары (эки палатанын), Улуттук банктын төрагасы, башкы прокурор, акыйкатчы жана башкалар болгон. Ал эми район, айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн иш сапарларын өкмөт менен макулдашмакчы болушкан.

10-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tursunbaev2016
2016-03-09 22:38:29
Дагы чыкпайсынарбы митингке светтин баасы асманга чыгып кетти
+6
temirov76
2016-03-10 11:29:10
Азыр эми оздору ошол талаптагыдай иштеп жатабы биздин бийликчилер?
0
temirov76
2016-03-10 11:32:16
Мына сага Каримовдун мыйзамы,айтбай чыгып корсунчу бироосу,эмне болор экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан