"ЭЛДИК КАБАРга" маалымат чыккандан кийин 12 саатка жетпей Зергер айылына кире бериштеги желек алмашты. Муну окурман бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бүгүн эртең менен айылдын кире беришинде желектин айрылып жерде жатканы тууралуу кабар чыгарган элеңиздер. Саат 17:00гө чейин жаңы желек илинип калыптыр. Бул да болсо элдин үнүнүн тиешелүү жерге жетип, таасир бергенинин белгиси",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.