Кадамжай районуна караштуу базарларда жер семирткичтин баасы кымбат болууда. 1 килограммы 24 сомдон, 1 мүшөгү 1200 сомдон сатылууда. Муну окурман бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Кризис маалында элге жеңилдик кылып, бааны караган адам жок. Элдин сатканы арзан, сатып алган буюму кымбат болуп жатат",- деген окурман бааларды көзөмөлдөөнү суранууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.