Кытайдан аткезчилик жолу менен кыргыз жерине кургатылган бака, жыландарды өткөрүүгө аракеттенген кытайлык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, кытайлык жаран 9-март күнү “Торугарт унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен кыргыз жерине 240 даана кургатылган жылан, 3000 даана кургатылган бака жана 140 ампулага куюлган кызыл түстөгү белгисиз суюктукту өткөрүүгө аракеттенген. Кытай жаранынын жанында жүктү өткөрүүгө эч кандай документтер болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө жеткирилди.