Өзгөн районуна караштуу Зергер айылында өзүнүн уулун атып өлтүрүп, эки небересин жарадар кылган жаран 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Өзгөн районунун прокурорунун орун басары Эмил Мурзаибрагимов билдирди.
Маалыматка ылайык, факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин тергөө амалдары 30-январь күнү аяктап, райондук сотко жөнөтүлгөн.
"Өзгөн райондук соту 2016-жылдын 15-февралында "адам өлтүрүү" беренеси менен айыпталып жаткан 47 жаштагы К.А. аттуу жарандын ишин карап, аны күнөөлүү деп тапты. Айыпталуучу 18 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөө өкүмүн чыгарды",- деди Э.Мурзаибрагимов.
Айта кетсек, 2015-жылы 30-ноябрь күнү Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын 47 жаштагы тургуну К.А. менен 28 жаштагы уулу К.Ж. экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Уулу үй-бүлөсүн алып кетейин деп 2 баласы менен унаага отурган учурда атасы жанына келип ок атуучу курал менен 2 жолу атып салган. Оор жаракаттан улам уулу окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми маркумдун 5 жаштагы уулу менен 2 жаштагы кызы жаракат алышкан.