Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:00 чамасында милицияга Түштүк магистраль менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде пакетке салынган ымыркайдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек баланын жансыз денесин табышкан. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ымыркайдын денеси өлүкканага өткөрүлүп берилди.