Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу 2 жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, алар каза болушту

Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу 2 жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, алар каза табышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 9-мартта саат 22:15 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 59-чакырымында орун алган. Анда Фольксваген Б-4 үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу жолдон өтүп бараткан 47 жаштагы А.К. жана 62 жаштагы К.И. аттуу эки жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучулар ошол жерден каза болуп калышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Ивановка айылынын 47 жаштагы Ч.И. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Inna_91
2016-03-10 12:24:41
Жайлары жаннатан болсун.
+2
Surena
2016-03-10 12:58:51
Качып кеткендин ордуна жардам корсотсо балким аман калмак
+1
Parish
2016-03-10 14:02:01
Эх кырсык жайы жаннатан болсун.
Жоо жургунчулор да жолдо этият
болушу керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан