Бишкек. "Тазалык" ишканасы 3 ай бою күн сайын көчөлөргө суу сээп, аялдамаларды иретке келтирип турат

"Тазалык" ишканасы бүгүн, 10-марттан тарта жарыяланган 3 айлыктын алкагында шаардын көчөлөрүнө суу чачып, аялдамаларды иретке келтиришет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта аткарылган иштерге 10 суу чачкан унаа тартылды. Андан тышкары аялдамалардагы таштанды челектери бошотулат, жол четиндеги арыктардын ичтериндеги таштандылар алынат.

10-марттагы көрсөткүчкө токтолсок, жалпысынан Октябрь районунда 94 көчө шыпыруучу жумушка чыгып, 8 атайын унаа тартылды. Биринчи Май районунда болсо 157 көчө шыпыруучу иштеп, 11 атайын техника колдонулду. Свердлов районунда көчө шыпыргандардын саны 122ни, атайын техникалардын саны 10ду, Ленин районунда көчө шыпыруучулардын саны 120ны, атайын техникалардын саны 10ду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2016-03-10 10:57:42
Азамат жаны мэр, бирок 3 ай эмес кун сайын тазалыкты карап козомолдоп туруш керек.
+1
Decmond
2016-03-10 11:46:42
З айдан кийин ким тазалайт?
0
deva
2016-03-10 12:12:02
Сураныч, мэрияга жеткирип коюңуздарчы?! Сураныч эл аялдамага чыкканча шыпырып коюшса жакшы болот эле. Макул эл чыкканда деле шыпыра беришсин бирок бир аз болсо да суу сээп коюшса. Дегеним 10-март күнү Карл Маркс көчөсүндөгү, 5-кичирайондогу аялдаманы 2 киши, аркы өйүзүн 2 аял шыпырып жатышты. Чаңдын сапырылганын айтпаңыз, элдин баары тротуарга качты. Мен деле көчө шыпырып иштегем бирок биз таң атпай жумушка чыкчу элек
0
gulkar
2016-03-10 23:08:26
Коомдук жайларда озубуз деле жегендерибизди таштабай,урнага салсак болот да.Отургучтарга тукуруп, боклажка,бутылкаларды коюп кетишет,как будто бироонун курсагы учун ичкенсип. Мамлекетке бир сомчолук пайда тийгизбей туруп,кайра мллн талап кылгандар жок эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан