Борбордо өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып, тапанча менен коркутуп өспүрүм кызды тоноого шектелип 20 жаштагы Ысык-Көл облусунун туругуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 43 жаштагы Ж.Х. аттуу аял кайрылган. Анда ал 8-март күнү саат 13:30 чамасында "Ош базарынын" жанынан анын 16 жаштагы кызына өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жигит тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалган. Кылмышка шектүү бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар деп шектелүүдө. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.