Билим берүү министрлиги "Акылдуу мектеп" программасын баштоодо. Муну бүгүн, 10-мартта маалымат жыйынында "Эркин маалымат" программасынын менеджери Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, аталган программа сапаттуу мугалимдердин чөйрөсүн колдоп түзүү жана окуучулардын эртеңки күндө ийгиликтүү болушу үчүн тереңирээк билим берүүгө багытталган.
"Акылдуу мектеп" программасы төрт приоритеттен турат. Биринчиден, санарип маалымат технологияларын колдонуу менен мектеп окуучуларынын потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Экинчи приоритет - заманбап санариптик дидактикалык окуу куралдарын көбөйтүү. Учурда 33 автор өзүлөрүнүн китептерин электрондук түрдө берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Үчүнчү приоритет мугалимдерди санарип маалымат технологияларын пайдаланууну үйрөтүүгө багытталган. Төртүнчүдөн, мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу, башкача айтканда, компьютер жана интернет менен камсыздоо болуп эсептелет",- деди адис.