Министр: "Былтыр өлкөдө 229 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды"

Былтыр өлкөдө 229 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды. Муну бүгүн, 10-мартта маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 29 пайызга көп.

"2015-жылы өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 53 адам каза болду. 2014-жылы 62 жаран набыт болгон, курман болгондордун саны былтыр 15 пайызга азайган. Келтирилген материалдык чыгым 2014-жылга салыштырмалуу 4 эсе жогорулап, 1 миллиард 759 400 сомду түздү (2014-жылы 455 миллион 674 200 сом). Жалпы материалдык чыгымдын ичинен республиканын аймагында 2015-жылдын 17-19-ноябрында эпицентринде 6-7 балл күчү менен болуп өткөн жер титирөө 924448,7 миң сом өлчөмүндө зыян алып келген (52 пайызы)",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан