Бишкектеги дүкөндөрдөн тийиштүү документи жок 409 бөтөлкө спирт ичимдиги сатыктан алынды

Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана айландыруу боюнча башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарындагы дүкөндөр текшерилди. Анда мыйзамсыз же документи жок 409 бөтөлкө спирт ичимдиги сатыктан алынды. Мындай текшерүү спирт ичимдиктерин сатуудагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган. Материалдар тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилип, дүкөн ээлерине чара көрүлө турганын  маалымдайт аталган мекеменин басма сөз кызматы.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан