Ош шаарында имараттын 5-кабатынан эки адам кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-март күнү түнкү саат 03:15те 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына шаардагы Ош кичи районунун Кара-Суу көчөсүндөгү 32-үйдүн 5-кабатынан “Исламбек” азык-түлүк дүкөнүнүн чатырына 2 адам кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барышып, “Исламбек” азык-түлүк дүкөнүнүн чатырынан 1977-жылы туулган Ира Куземонова жана Женя Гафуров аттуу жабырлануучуларды куткаруучу шаймандардын жардамы менен жерге алып түшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти.