Борбор калаадагы көчөлөрдүн биринен жансыз табылган ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүүдө

Борбор калаада ай-күнүнө жетпей төрөлгөн жансыз ымыркайын таштап кеткен аялды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Маалыматка ылайык, жансыз ымыркайдын денесин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таштандылардын арасынан таап алган. Саат 07:00 чамасында бул тууралуу милицияга билдиришкен. Учурда ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүүдө.

Айта кетсек, жансыз абалда табылган ымыркай эркек бала болуп чыккан. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ымыркайдын сөөгү өлүкканага өткөрүлүп берилди.

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aipo89
2016-03-10 14:52:19
Жараткан баардык адамдарга ыйман бер!Аттин,ымыркайга ичим ачышты!!!Торолбой жатып ушул кунго туш келгенине.
+2
temirov76
2016-03-10 15:07:28
10 кабар окудум,анын учоосу жакшы кабар болсо калган жетиси кылмыш кырсык.
+1
dubai
2016-03-10 15:08:31
ошон учун Европадагыдай кылып балдар уйунун арт жагына эшик ачып,атайы чон стол коюп,жанына звонок жасап коюш керек,мандайына кагазга:баланы этият менен столго коюп,звонокту басып анан кете бериниз деп жазып коюш керек...эми мындай шарт жок болгон кундо да кукук энелер адамдар жашаган уйлордун жанына жылуулап жаап таштап кетишсе акыры бироо-жарым коруп аман калат эле да таштанды,туалеттерге таштабай.
+4
lolo.1
2016-03-10 15:58:05
dubai,ииий каяктагыны айтасын dubai коюп званокту басып кете бер деп.кыргызстандын кайсы бурчуна коюп жетишет.анда эле кукук энелер онуп калбайбы кобойуп анысы аз келгенсип элдик кабардын журналистерин айтпай эле кой ииий койчу фантастикан шикарянго


0
lolo.1
2016-03-10 16:00:07
Кукук энелер дейбиз а кукук аталарчы?алар жон эле аппак э эч нерсе корбогон билбеген болуп
+1
gulkar
2016-03-10 22:18:17
Кантип мусорго ташташат,жок дегенге магазиндердин алдына таштабайбы.Кантип тируу кыймылдаган ,тем более наристени олумго туртот.Бул деген адам олтурууго кирет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан