Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматы былтыр 185 адамды куткарды

Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматы былтыр 185 адамды куткарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, анын ичинен жол кырсыгынан 78 адам, экстремалдык абалдан 80 жана көлмөлөрдөн 27 адам куткарылган. Алардын 96сы эркек, 53ү аял жана 36сы жаш бала болгон. 881 адамга ар кандай жардам көрсөтүлгөн, дарыгерлерге чейинки 2323, күтүүсүз жагдайга туш болгон 163 адамга көмөк көрсөтүлсө, 486 жарандын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен.

Мындан тышкары Куткаруу кызматы тарабынан 10 860 муктаж адамдарга телефон аркылуу кеңеш берилген. 301 адамдын жансыз денелери чыгарылган, алардын ичинен: 208 эркек, 57 аял жана 14 жашка чейинки балдар - 36.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан