Өзгөн шаарында кылмышка шектүү жарандардын бири 17 жаштагы кызды кантип мууздаганын көрсөтүп берди. Кыздын үйүнө милициянын коштоосунда барып көрсөтмө берген шектүү окуяны баштан-аяк айтууда. Анын билдиришинче, кыздын бөлмөсүнө терезе аркылуу киришкен. Кылмыш болгон күнү кыз бөлмөдө жалгыз уктап жаткан.
"Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу айрым маалыматтар айтылбайт. Кылмыштын башка версиялары да болушу мүмкүн. Тергелип бүткөндөн кийин толук маалымат беребиз",- деп билдиришти SUPER.KG`ге Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.