"Forbes" басылмасы дүйнөдө миллиардерлер көп жашаган шаарлар рейтингинде Москваны үчүнчү катарга чыгарды

"Forbes" басылмасы дүйнөдө миллиардерлер көп жашаган шаарлар рейтингинде Москваны үчүнчү катарга чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта "Forbes" басылмасынын сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, борбор шаарда 60 миллиардер жашап, алардын байлыгы 217,6 миллиард долларды түзөт. Орусиядагы жалпы миллиардерлердин саны - 77.

25 шаар кирген рейтингде биринчи сапты 79 миллиардери менен Нью-Йорк шаары ээлеген. Алардын акчасы 364,6 миллиард долларга жетет. Эң бай адам деп Нью-Йорк шаарынын мурунку мэри Майкл Блумберг табылган. Анын байлыгы 40 миллиард доллар. Экинчи орунда 261,3 миллиард долларга ээ 68 миллиардер жашаган Гонконг шаары турат.

Басылманын маалыматына ылайык, дүйнөнүн 67 өлкөсүндө 1820 миллиардер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
eldar.
2016-03-10 15:23:48
Мм булар чесный байлар да, акчасын ачык ачык эле айтып, дайыма официалдуу сактайт. Ал эми жакшылап биздин байлардын элден уурдап көрүнгөн тоонун алдына көмүп койгон акчаларын кошуп санай келгенде эң бай шаар Бишкек болуп чыга келсе керек. )))
+11
expert.007
2016-03-10 15:33:52
eldar., Каяктагы жомокту айтпачы
-7
Aikyn93
2016-03-10 18:39:46
eldar.,жомокту суйлобочу
-4
Sezim.A
2016-03-10 15:47:18
Оххоо,тушко кирбеген акчалар го.Биздин мамлекетте да бар бекен!?
-3
Msto005571
2016-03-10 23:16:30
Sezim.A,мен бармын эн эле баймын!ата энем уйум бир тууганым бар Альхамдулиллах барына шугур!
0
Beknam-KG
2016-03-10 16:31:29
Билл Гейтс не болуптур?
-2
BARSBEK.KG
2016-03-10 20:41:26
Оо жакшы буйюрса менда байлардын катарына кошулам
-1
ss90
2016-03-11 00:17:17
Ажал келсе баары калат...!акыреттин байлыгын топтойлу?!
+1
keba300989
2016-09-07 10:02:06
Мага бир үй бир машина иштеген ишим болсо үйбүлөм менен бактылуу жашаймго эчнерседен кайгы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан