Бишкек милициясынын кызматкерлери Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинен "өзүмдү жардырам" деп коркуткан кылмышка шектүүнү кармап кетишти. Кармоо операциясы бүгүн саат 14:00 чамасында болуп, аймак бир топко курчоого алынып турду. Көчөдө автоунаа кыймылына убактылуу чектөө кирди. Кармалган адамдын аты-жөнү азырынча белгисиз.
Маалым болгондой, 20-25 жаш курагындагы жигит колунда жарылуучу зат бар экенин, өзүн жардырарын айтып коркутуп жатканы тууралуу маалыматты милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар билдиришкен. Милиция кызматкерлери бала менен жарым саат сүйлөшүү жүргүзүп, шектүү жаран колго түшүп берүүгө макул болгон эмес. Ал качканы жаткан маалда колго түшүп, текшерүүдө анын жанынан жарылуучу зат табылган эмес. Кармалган адамды Свердлов РИИБине алып кетишкени белгилүү болду.