Кечээ, 9-мартта Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Челпек айылындагы бала бакча талашка түшүп жатканы тууралуу Турдубек Очкеев SUPER.KG порталына кабарлаган. Анын айтымында "Челпек" ачык акционердик коому айылдын бала бакчасын мыйзамсыз түрдө менчиктештирип алган. Бала бакчаны жергиликтүү элге акысыз берип келишкенин аталган акционердик коомдун башчысы Турганбек Касымбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Бала бакча совхоздо иштегендердин балдарына салынган. Кийин совхоз "Челпек" ачык акционердик коому болуп калып, имарат акционердик коомдун балансына өткөрүлгөн. 2014-жылы айыл өкмөтү бизди райондук сотко бергенде, сот биз тарапка чечип берген. Прокуратура буга чейинки Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген документти мыйзамсыз экенин далилдеп, аталган ишкананын жетекчилигине чара көрүлгөн. Имараттын алгачкы документи бизде болуп жаткандан кийин 29-февралда облустук сот да биз тарапка чечип берди",- дейт Касымбеков.
Ошондой эле Турганбек Касымбеков менчиктештирилип кеткен социалдык объекттерди кайтаруу тизмесине бул бала бакча кирбегенин кошумчалады. Ал эми бала бакча үчүн 1 миллион сом сунушталгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Былтыр оңдоп-түзөө үчүн берилген 5 миллион сом кандай иштерге жумшалганы тууралуу кабары жоктугун билдирди.
"Былтыр терезелерин чыгарып, оңдоп жатышканын көргөм. Бирок кийлигишкен эмеспиз, тоскоол да болгон эмеспиз. Мамлекет тараптан менчик бала бакчага кандайча 5 миллион сом бөлүнгөнүн деле билгим келген жок. Айылдын элинин балдары барып жаткан имарат оңдолуп жатканынын зыяны жок. Мамлекеттик каттоо кызматы "сатып алуу-сатуу" келишими түзүлмөйүнчө биздин коомго таандык имаратты өкмөттүкү катары каттай албайт. Биздин баланста турган бул имарат үчүн жылына 21 миң сом өлчөмдө салык төлөнөт",- деп белгиледи Касымбеков.
Анын айтымында, алар имаратты элге бекер эле берип, эч кандай акы албай келишкен. Ал эми салык үчүн каражатты "Челпек" акционердик коомундагы башка объектилеринен түшкөн каражаттардын жардамы менен төлөп келишерин айтты. Мындан улам бул бала бакчадан пайда көрбөй, тескерисинче, чыгашада болуп жатышканы менен, элге болгон жардамы экенин айтты. Ошону менен бирге Турганбек Касымбеков имаратты коомдун балансынан чыгаруу мүмкүн экенин билдирди.