Борбор калаада катталган жол кырсыгында 15 жаштагы айдоочу жана 5 жашы жете элек жүргүнчү жабыркады

Борбор калаада катталган жол кырсыгында 15 жаштагы айдоочу жана 5 жашы жете элек жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-мартта саат 20:30 чамасында болгон. Анда эч кандай документтери жок 15 жаштагы Нурсултан аттуу өспүрүм Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасы менен Мерседес-Бенц-S 500 унаасын сүзүп алган. Белгилүү болгондой, өспүрүм айдоочу Салиева көчөсү менен баратып Кантемиров көчөсүнөн солго бурулуп жатканда Мерседес-Бенц-S 500 унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада эки унаанын айдоочулары жана Фольксваген-Гольф унаасынын жашы жете элек 5 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага кайрылышкан. Бул факт боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_sharshenaliev15
2016-03-11 03:29:38
Ушуну кече мен жиберсем не чыгарбайсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан