"Бишкектеги №42-мектептин ичинде жарылуучу зат бар" деген жалган маалыматты окуучулар беришкен

"№42-мектептин ичинде жарылуучу зат бар" деген маалымат мектептин күзөт кызматына окуучулар тарабынан берилгени маалым болду. Муну 10-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бул жалган маалыматты мектептин күзөт кызматына ошол эле мектептин окуучулары 15 жаштагы К. уулу Э. жана 16 жаштагы И. уулу Н. билдиришкен. Балдар эмне себептен мындай маалымат беришкени териштирилип жатат.

Эскерте кетсек, милиция "мектептин ичинде жарылуучу зат бар" деген маалыматты алгандан кийин окуучулардын баарын сыртка чыгарып, текшерүү жүргүзгөн. Бирок эч кандай жарылуучу зат жок экени аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bermet_Kasymova
2016-03-10 16:59:31
оло албай жургон го
+1
АЙЫМАЙ
2016-03-10 17:29:59
ужасная школа
0
Arlenchik
2016-03-10 17:57:23
Катураак жазасын берип коркутуп койгула экинчи ойногус болушсун.
0
gulzar_gulu
2016-03-10 21:24:54
Мектептин окуучулары жадаса керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан