Кармоо учурунда бутунан жаракат алып, бутуна операция жасалган качкын кылмышкер Эдил Абдрахманов №1-СИЗОго которулду

Кармоо учурунда бутунан жаракат алып, бутуна операция жасалган качкын кылмышкер Эдил Абдрахманов №1-СИЗОго которулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына ЖАМКтын басма сөз кызматынын өкүлү Александр Никсдорф билдирди.

Маалыматка ылайык, №50-СИЗОдон качкандардын арасынан жалгыз тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасынан операция жасалган. Операциянын чыгымдарын Кыргыз Республикасындагы Кызыл Крест Эл аралык комитети төлөп берди.

"Буга чейин айтылып келгендей, Э.Абдрахмановдун бутуна операция жасалган. Ал өзүнүн калыбына келип, дарылануусу аяктагандыктан, 9-мартта борбордогу №1-СИЗОго которулду",- деди Никсдорф.

Айта кетсек, террорчулук үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Эдил Абдрахманов 2015-жылдын октябрь айында №50-СИЗОдон качкан 9 адамдын бири болгон. Алар түрмөдөн качып баратышканда ЖАМКтын 4 кызматкерин өлтүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
isko-nookat
2016-03-10 16:31:34
тилин кесип койуптур деген чынбы?эмнеге интервю алышпайт?
-1
Urmat_83
2016-03-10 17:15:57
isko-nookat,Каяктан уктун азыр анын тилин кесмек турсун каттуу айта албай атса керек.Укук коргочуу дегендин баары ошону эле карап турушат бир нерсе болсо кыйкырып чыкканы
+1
konsilium
2016-03-10 17:04:30
Isko nookat,чындап элеби?
-1
ss90
2016-03-10 19:22:08
Мен муну олуп калган го десем...
0
gulzar_gulu
2016-03-10 21:26:22
Тирүү турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан